Транспорт министри Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун калган бөлүгүн оңдоо иштеринен кабар алды

Бүгүн, 7-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош-Баткен-Раззаков жолунун калган бөлүгүнө асфальт басуу иштерин жеринен көрүп, кабар алды.

Ведомство жетекчиси иш ыргагын ыкчамдатуу менен өзгөчө сапатына көңүл буруу керектигин белгиледи.

Бүгүнкү күндө “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №2 жол куруу башкармалыгы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 47-75-чакырымына чейин капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган.

Асфальт төшөө иштери менен катар Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай) жана 43-чакырымындагы (Чили-Сай) эки көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилген.

Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Прокрутить вверх