Байтик айылындагы веложол толугу менен жарыктандырылды

Ала-Арча жаратылыш паркына бара жаткан Чоң-Арык-Ала-Арча унаа жолундагы веложол толугу менен жарыктандырылды. Азыркы тапта жол сызыктарын чийүү, орнотулган жарыктандыруу сиситемаларын (203 мамыча орнотулду) текшерүү иштери жүрүүдө. Курулуш иштери бүткөн соң, айыл ɵкмɵтүнүн балансына берилет.

Белгилей кетсек, Байтик айылынан башталган веложолдун узундугу 3,1 чакырымды, туурасы 3 метрди түзөт. Жолдун курулушу жана асфальт төшөө иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган. Бардык жумуштар бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен жасалды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Прокрутить вверх