Министр айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында министр Абсаттар Сыргабаев баштаган ведомствонун мырзалары айымдарды 8- март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Ведомство жетекчиси адамзаттын жашоо-турмушундагы бардык окуялар аялзаты менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымына, коомдо ээлеген ордуна токтолду.

“Сиздердин жасап жаткан ар бир аракетиңиздер бааланып, ар дайым жакындарыңыздардын жанында аман-эсен жүрүңүздөр. Жаркыраган жаз жашооңуздарга бекем ден соолук, жакшылык жана бакыт алып келсин! Майрамыңыздар кут болсун”, — деди министр.

Жалпы мырзалардын атынан гүлдөр жана чакан белектер ыйгарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Scroll to Top