Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Сосновка (саат 22:00дон тарта) жана Арал (саат 21:40тан тарта) постторунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунда (Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында) бороон болуп, тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Жеңил унааларга жол ачык, каттам бар.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан өлкөнүн ашуулары жана жолдорунда кышкы тейлөө иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Scroll to Top